Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө

Аймак Загрузка... 22 Май 2026 16:50
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Чүй дарыясы трансчек аралык дарыя болуп эсептелет. Акыркы жылдары дарыянын сол жээги эрозияга учурап, жээк тилкелери урап, Кыргызстанын аймагындагы жерлерди суу каптоо коркунучун жаратып келет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Канатбек Чыныбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына, курулуштун мөөнөттөрүнүн сакталышына жана атайын техникалардын колдонулушуна өзгөчө көңүл бурду. Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди.

"Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, калктуу конуштарды жана чек арага жакын аймактарды коргоо максатында Чүй облусунда ири масштабдагы жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин жалпы узундугу 1800 метрден ашкан бир нече тилкеде курулуш иштери толугу менен аяктаган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Чүй дарыясынын сол жээгин бекемдөө боюнча кошумча долбоорлор ишке ашырылууда. Учурда Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы стратегиялык маанидеги бир катар тилкелерде курулуш иштери уланууда.

Ошондой эле мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, 2033-жылга чейин Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин каржылоо жыл сайын каралып келет. Анын негизги максаты - өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана мамлекеттик чек аранын жылышынын тобокелдигин азайтуу.