Министр Чүй менен Бишкектеги куткаруучулардын иштөө шарттарын текшерди

Коом Загрузка... 30 Март 2026 09:41
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусу менен Бишкек шаарында жайгашкан ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүктөрүн кыдырып, өздүк курамдын иштөө шарттары менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу №3, №4, №8 өрт-куткаруу бөлүктөрүнө, Токмок шаарындагы №21, Чүй районундагы №24, Кемин районундагы №5, Ысык-Ата районундагы №4 жана Кант шаарындагы №27 бөлүктөрүнө иш сапары менен барып, материалдык-техникалык базанын абалына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле ал өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын, социалдык шарттарын, эс алуу жана нөөмөт өтөө жайларынын талапка шайкештигин текшерип, айрым кемчиликтерди ыкчам жоюу жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.