Сокулук менен Кара-Балтада жаңы ооруканалар курулат

Аймак Жүктөлүүдө... 05 Февраль 2026 13:12
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы оорукана курулмай болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министр ошондой эле Кара-Балтада да жаңы оорукана куруу чечими кабыл алынганын айтты.

“Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов менен сүйлөштүк. Сокулук райондук ооруканасы жаңы курулмай болду. Кара-Балта шаарындагы оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүү керектиги айтылды. Бирок, биз ремонт иштерин жүргүзбөй эле, кошумча каражаттарды таап, жаңы имарат курууну чечтик”, - деп белгиледи Досмамбетов.