Чүйдө камсыздандырылган клуб өрттөнүп, 1,4 млн сом кенемте төлөндү

Аймак Загрузка... 22 Июль 2026 15:10
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун Полтавка айылындагы өрттөнүп кеткен жайкы клуб үчүн 1 млн 408 миң 954 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөндү.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, жайкы клуб кыска туташуудан улам толугу менен күйүп кеткен. Объект 2024-жылдын 18-июнунда ыктыярдуу камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырылган.

"Өрт боюнча материалдар 7-июлда камсыздандыруу төлөмдөрү бөлүмүнө кароого жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 17-июлда Ынтымак айыл өкмөтүнө 1 млн 408 миң 954 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү которулган", - деп айтылат маалыматта.