Чүйдүн Панорама тоосунда куураган чөптөн өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 19 Июль 2026 12:30
IMG_9715.jpeg

Бишкек, 19.07.26 /Кабар/. Күн мурун Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Панорама тоосунун ачык аянтында куураган чөп күйдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, саат 23:49да өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган.

Окуя болгон жерде өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлдү.

”Окуя боюнча кошумча маалыматтар такталган соң берилет”,—деп айтылат маалыматта.