Wildberries кампаларына чабуул: Бир кыргызстандык жабыркап, дайынсыз болгон жаран табылды

Кырсык Загрузка... 18 Июль 2026 23:00
IMG_4989.jpeg

Бишкек, 18.07.26. /Кабар/. 18-июлда Россиянын Москва облусундагы Электросталь шаарында жана Тамбов облусундагы Котовск шаарында жайгашкан “Wildberries-Russ" компаниясынын логистикалык объектилери түнкү убакта учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылып, анын кесепетинен эки кампада тең өрт чыккан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, Котовск шаарындагы өрт чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. Ал эми Электросталь шаарындагы өрттү өчүрүү иштери уланууда. Эки объектте тең кызматкерлер эвакуацияланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Электросталь шаарында 45 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Котовск шаарында 7 адам каза болуп, 32 адам жабыркаган.

Москва убактысы боюнча саат 20:00гө карата Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын айрымдарынын жарандыгы такталууда, анткени алардын көбүнүн өздүгүн тастыктаган документтери өрттөн улам жараксыз болуп калган.

Учурда каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары бар экендиги тууралуу расмий тастыкталган маалымат жок.

Кыргызстандын 2005-жылы туулган жараны Ж. уулу А. жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы Элчилигине түнкү нөөмөттө иштеген Кыргыз Республикасынын 2005-жылы туулган жараны О.А. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерек ал жакындары менен байланышып, жумуш ордунан эртерек чыгып кеткенин, ал эми уюлдук телефону өчүк болгонун билдирген.

Ошондой эле Элчиликке эвакуацияланууга жетишкен, бирок жеке буюмдарын жана документтерин жоготкон Кыргызстандын эки жараны кайрылган. Аларга мекенине кайтып келүү үчүн күбөлүк документтерин тариздөөгө көмөк көрсөтүлдү.

“Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен өз ара кызматташууну, ошондой эле мекендештердин топтору жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аркылуу жабыркаган кыргыз жарандарын аныктоо иштерин улантууда”,—деп айтылат маалыматта.