Ошто адам өлтүрүүгө шектүү “Коопсуз өлкө”долбоорунун жардамы менен кармалды

Кырсык Загрузка... 18 Июль 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.07.2026. /Кабар/. Ош шаарында 29 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелген адам кылмыштан көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июлда саат 03:00 чамасында милицияга Ош шаарында 29 жаштагы эркек киши курч буюмдан жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя каттоого алынып, жерине ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөп кеткен. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жаңжалдын кесепетинен Ош шаарынын 1997-жылы туулган тургуну маркумга курч буюм менен жаракат келтирип, андан соң ак түстөгү жеңил унаа менен изин жашырып кеткендиги аныкталган.

Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо максатында “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөл камералары аркылуу мониторинг жүргүзүлгөн. Натыйжада саат 04:10 чамасында шектүү унаасы менен кетип бара жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.