Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунун дыйкан-фермерлери "Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоорунун алкагында 44 млн сом алган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, район элинин негизги ишмердүүлүгү мал чарбачылыгы болгондуктан, фермерлерди колдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жакында дагы кошумча каражаттар бөлүнөт.
"Айыл чарбасын каржылоо – 14" долбоорунун алкагында сиздердин райондун фермерлери, дыйкандары 44 млн сом алышыптыр. Жер-жерлерде, анын ичинде сиздерде да дыйкандар насыянын көлөмүнүн аздыгын көйгөй катары көтөрүп жатышыптыр. Жергиликтүү элибиздин талаптарын орундатуу максатында бул айыл чарба багытын жеңилдетилген насыялар менен толук камсыздоо үчүн дагы кошумча каражат бөлүүнү чечтик, тиешелүү тескеме кабыл алынды. Эми бардык дыйкан-фермерлер бул жеңилдетилген насыядан ала алышат", – деди президент.