Чолпон-Атада ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн аймак жана шаар жетекчилери жолугат

Аймак Загрузка... 21 Май 2026 12:35
WhatsApp_Image_iC8F_clXep8P.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. 27-29-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарынын жана шаарларынын жетекчилеринин жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Эки күндүн ичинде аймак жетекчилери, өкмөт жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, соода, инвестиция, логистика жана туризм тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду талкуулашат. Форумдун негизги практикалык жыйынтыгы катары аймактар аралык кызматташуу боюнча документтер пакетине кол коюшат.

Форум ШКУнун 25 жылдыгына карата өткөрүлүп, Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн бирге" деген ураан алдында уюштурулууда.

Форумга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Ирандын делегациялары, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү катышат.