Чолпон-Атадагы 4 тилкелүү айланма жолго асфальт төшөлө баштады

Аймак Загрузка... 21 Июль 2026 15:05
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын 4 тилкелүү айланма жолунун курулушу кызуу уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда курулуштун негизги этаптарынын бири болгон асфальт төшөө иштери башталды.

"Мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жаткан бул масштабдуу долбоордун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Учурда асфальт төшөө менен катар жерди даярдоо, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана тирөөч дубалдарды куруу, ошондой эле инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Объектте күн сайын 417 кызматкер жана 186 бирдик атайын техника үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Жаңы айланма жол пайдаланууга берилгенден кийин Чолпон-Ата шаарынын ички көчөлөрүндөгү транспорттук жүк кыйла азайып, транзиттик унаалардын жүрүү убактысы кыскарат.