Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Дагестандын айыл чарбасына суу ташкынынан келтирилген зыян болжол менен 640 млн рублди түздү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын начар шарттарынын натыйжасында республиканын 16 муниципалдык районунда айыл чарбасына зыян келтирилген. Анда айыл чарба жерлери жана мал-жандыктар жабыркаган.
Суу тартылган сайын, райондук комиссиялар жабыркаган мүлктөрдү тез арада текшерип, зыяндын ордун толтурууну камсыз кылары айтылды.