Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Күн мурун Дагестанда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, суу каптоолор жана кыйроолор катталды. Бул тууралуу Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, аймактын 10дон ашык муниципалитетинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Гежух суу сактагычы ашып, дамбанын айрым жерлери жырылган. Натыйжада 4,1 миңден ашуун адам коопсуз жайларга эвакуацияланды. Азыркы учурда 28 турак үйдү суу каптады.
Адистердин айтымында, кырдаал курчуса дагы 4 калктуу конуш сел коркунучунда калышы мүмкүн. Ал жерлерде 3 миңден ашык турак жай бар жана 20 миңден ашуун адам жашайт.
Табигый кырсык транспорт кыймылына да таасир тийгизип, Москва — Дербент багытындагы поезддин 37 жүргүнчүсү эвакуацияланган. Дербент районунда “Кавказ” федералдык трассасында көпүрө кулап, жол жабылды.
Ошондой эле, Кирки айылында жер көчкү жүрүп бир үй толугу менен урап, дагы эки үй жарым-жартылай жабыркаган. Урандылардын алдынан бир аялдын сөөгү табылган.
Андан сырткары, Махачкала шаарында Газопровод көчөсүндө көп кабаттуу үй кулап, 300гө жакын адам эвакуацияланды. Дагы көп кабаттуу 4 үйдүн урап кетүү коркунучу бар.