Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Дагестанда болгон катуу жаан-чачын жана сел кырсыгынан болжол менен 15,5 миң адам жабыркады. Бул тууралуу Kazinform билдирди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, 2 075 турак үй суу алдында калган. 1 817 короо-жай зыян тартып, 173 жол тилкеси бузулган. Ошондой эле 4 165 адам коопсуз жайларга эвакуацияланган (анын ичинде 823ү — бала).
Жалпысынан үч адам каза тапкан. Бир киши менен жаш бала унаа дарыяга кулап кеткен учурда көз жумган. Дагы бир аял Кирки айылындагы жер көчкүдөн улам каза болгон.
Учурда алты убактылуу жайгаштыруу пункту иштеп жатат. Калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, Россиянын башка аймактарынан гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.