Дамир Осмонов БУУда жол коопсуздугу боюнча жыйынга тең төрагалык кылды

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 10:25
752881188_1396311912560989_7748364699985871161_n.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Башкы ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча Жогорку деңгээлдеги жыйынында өткөн экинчи көп тараптуу панелге тең төрагалык кылып, модераторлук милдетти аткарды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Марокконун транспорт жана логистика министри Абдессамад Кайю менен биргеликте туруктуу каржылоо, ведомстволор аралык кызматташтык жана жол коопсуздугу жаатындагы улуттук потенциалды чыңдоо маселелерине арналган панелдик талкууну алып барды.

Ал өз сөзүндө жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болушу керектигин белгилеп, бул багыттагы инвестициялардын натыйжалуулугу жол кырсыктарынан каза болгондордун жана оор жаракат алгандардын санын азайтуу менен бааланышы зарылдыгын айтты.

Панелге эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, жол коопсуздугун камсыздоонун туруктуу каржылоо механизмдери жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Панелдин жыйынтыгы БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынтыктоочу отурумунда сунушталды.