Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 9-кеңешмесинин алкагында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ШКУга мүчө мамлекеттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Индия, Ирандын, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууларда саламаттык сактоону санариптештирүү, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, калкты дары-дармек менен камсыздоо, диагностиканын жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүү, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту чыңдоо маселелери көңүл борборунда болду.
Ошондой эле онкология, кардиохирургия, трансплантология, лабораториялык диагностика, иммунопрофилактика, эне жана баланы коргоо, ошондой эле жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү тармагындагы кызматташтык белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлүк клиникаларда жогорку технологиялык медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле телемедицина, фармацевтика жана медициналык технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар өнөктөштүктү андан ары чыңдоого, практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана калктын ден соолугунун кызыкчылыгы үчүн кызматташтыктын жаңы биргелешкен механизмдерин иштеп чыгууга өз ара даяр экендиктерин ырасташты.
Дамир Осмонов эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөдө саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүү бөлүгү экенин жана заманбап ыкмаларды, технологияларды жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.