Депутат: Дары чөптөр чет өлкөгө кетип, кайра таңгакталып кымбат келүүдө

Жогорку Кеңеш Загрузка... 15 Апрель 2026 12:20
1088746239_10_0_365.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев жыйында Кыргызстандагы дары-дармектерди өндүрүү жана сертификаттоо тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдү.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өтүп, анда тармактагы негизги көйгөйлөр белгиленген.

Депутат сертификаттоо үчүн жооптуу органдын жоктугун негизги маселе катары атады.

"Кыргызстанда тиешелүү орган жок. Биз дары чөптөрдү чогултабыз, чет элдик компаниялар аларды бизден сатып алып, таңгактап, кайра өзүбүзгө сатышат. Биздин дарыканаларда сатылып жаткан ошол эле чөптөр калкка кымбатка түшүүдө, – деп белгиледи Жороев.