Эл өкүлү Эне-Сай конушунун жана Энергетиктер шаарчасынын көйгөйлөрүн көтөрдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 15 Апрель 2026 11:10
1766119385757.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева бүгүн парламенттин жыйынында борбор калаанын тургундарынын бир катар актуалдуу көйгөйлөрүн көтөрдү.

Анын айтымында, "Эне-Сай" конушунун жашоочулары коомдук транспорттун жетишсиздигине даттанышууда.

"№104 автобус дем алыш күндөрү 3-4 гана каттам жасагандыктан, шаардыктар каттамдардын санын көбөйтүүнү жана кошумча маршруттарды ачууну суранып жатышат", — деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү Энергетиктер шаарчасындагы суу менен камсыздоо маселесине токтолду.

"Көп кабаттуу үйлөрдүн 4–5-кабаттарында суунун басымы начар болууда жана Зеленая көчөсүндө шлюздар жабылганда үйлөрдү суу каптап, жашоочуларга олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратууда", — деп белгиледи Ашымбаева.

Мындан тышкары, ал көчөлөрдү жарыктандыруу көйгөйү да чечиле электигине байланыштуу, тургундар Зеленая жана Гаражная көчөлөрүнө жарык орнотуп берүүнү өтүнүп жатканын айтты.