Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эркайым Сейитказиева Ысык-Ата районунун тургундарынын курч көйгөйлөрүн ортого салды.
Ал белгилегендей, район тургундары Кант шаардык ооруканасына кайрылышат. Бирок заманбап диагностикалык аппараттардын жоктугу оор кесепеттерге алып келүүдө.
"Өткөн жумада МРТ аппараты жок болгондуктан бир жигит каза болуп калды. Оорукананы тез арада заманбап диагностикалык жабдуулар менен камсыздоону суранам", - деди депутат.
Депутат ошондой эле Юрьевка айылындагы көйгөйлөрдү көтөрдү.
"Айылда башталгыч класстар үчүн мектеп жана спорттук комплекс курууга жер тилкеси даяр. Учурда бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо маселеси чечилбей турат. Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында Киргшелк айылы Кант шаарына кошулганы менен, иш жүзүндө анын абалы айыл бойдон калууда", - дейт эл өкүлү.
Депутат бул аймактагы газдаштыруу жана канализация маселелерин тезинен чечүү керектигин билдирди.