Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Камила Талиева жалпы статистика боюнча 34 миң 467 кылмыш биздин мамлекет үчүн өтө көп экендигине, анын ичинен үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу кылмыштардын көбөйүп жатканына токтолду.
Ал мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдөгү кандайдыр бир конкреттүү чаралар, зомбулукка каршы жаңы ыкмалар боюнча Башкы прокуратура тарабынан аткарылып жаткан иштерди сурады.
Өз кезегинде башкы прокурор Максат Асаналиев үй-бүлөлүк зордук-зомбулук коомубуздагы өтө терс көрүнүш экенин белгилөө менен бул багытта прокуратура тарабынан аткарылган иштерге токтолду.
“Прокуратура тарабынан кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылып жатат. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айып пулдар салынган учурлар да болууда. Тийиштүү органдар менен байма-бай чогулуштар да өтүп турат. Бирок тилекке каршы, ал дагы жыйынтыгын бербей жаткандай сезилет. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ар бир үй-бүлөгө кызматкерди байлап коюу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан күч органдары, тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде иш алып барса жакшы болмок. Анткени айылдарда же белгилүү бир аймакта ким кандай абалда жашайт, кандай жүрүм-турум менен жүрөт, жеринде белгилүү. Жергиликтүү деңгээлде коркунуч жараткан адамдарды каттоого алып, көзөмөл кылсак токтойбу деген оюм бар”, — деди ал.