Депутат мамлекеттик маалымкаттардын кымбатташы боюнча маселе көтөрдү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 13 Май 2026 11:10
czon.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттик маалымкаттардын баасынын кескин жогорулаганына нааразы болду.

Эл өкүлү ага бир келин кайрылганын, ал баласынын фамилиясын алмаштырууда бланк жок деген жүйө менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай, анын ордуна берилген маалымкат үчүн 1200 сом төлөгөнүн айтты.

Депутат "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга ылайык, бардык кызматтар өз баасында көрсөтүлүшү керектигин эскертип, бир барак кагаздын баасы кантип эле миң сомдон ашып кетсин деп суроо салды.

Буга жооп катары "Кызмат" мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кайра караларын убадалап, ошону менен бирге "Түндүк" тиркемесиндеги санариптик документтер акысыз экенин, алар юридикалык күчкө ээ жана бардык мамлекеттик органдарда кабыл алынарын белгиледи.

Анын айтымында, санариптик документтер өлкө ичинде колдонулат, ал эми кагаз жүзүндөгү күбөлүктөр чет өлкөгө чыкканда гана талап кылынат.