Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый акылар жөнүндө мыйзам долбоору каралып, II окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Мыйзам долбоору мамлекеттик сыйлыктардын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүүгө, сыйлыктардын жана наамдардын кадыр-баркын, коомдук маанисин жана аброюн жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле депутаттар антимонополиялык мыйзамдарды эл аралык стандартка шайкеш келтирүүчү "Атаандаштык жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту.
Муну менен катар Ош шаарында 3,2 чакырым жолду оңдоо жана эки эстакадалык көпүрө куруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан каржылоо алуу боюнча макулдашуу ратификацияланды.