Дүйнө калкынын саны планетанын мүмкүнчүлүгүнөн ашып өттү

Дүйнө Загрузка... 09 Апрель 2026 18:02
WhatsApp Image 2026-04-09 at 17.35.33.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Жер жүзүнүн калкы планетанын ресурстарын түгөтүүдө тийиштүү деңгээлден ашып кетти. Бул тууралуу британдык Environmental Research Letters журналына таянып, РИА Новости жазды.

Окумуштуулар калктын санынын өсүшү жана азыркы ресурстарга – энергия, суу, минералдык байлыктарга болгон суроо-талапты эске алып, адамзаттын келечектеги жашоосун талдаган. Алардын болжолу боюнча, XXI кылымдын экинчи жарымында калктын саны 11-12 миллиардга жетиши мүмкүн. Глобалдык жылуулук жана табияттын бузулушу тобокелчилигин азайтуу үчүн адамдардын саны 2,5 миллиарддан көп болбошу керек.

Адистер белгилешкендей, тарыхтагы чечүүчү учур - XX кылымдын ортосу болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калк тез көбөйүп, ресурстарды көп колдонуу флора жана жаныбарларга чоң жүк алып келген.