Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Дүйнөдө чип сатуу февраль айында 1,6 эсеге (61,8%) өсүп, 88,78 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Интерфакс Жарым өткөргүчтөр өнөр жай ассоциациясынын (SIA) маалыматына таянып жазды.
Ага ылайык, январь айына салыштырмалуу көрсөткүч 7,6%га жогорулаган. Азия-Тынч океан аймагында, Америкада жана Кытайда сатуунун көлөмү жылдык өсүштүн басымдуу бөлүгүн түздү. Жылдын аягына чейин дүйнөлүк суроо-талап жогору болуп, сатуу болжол менен 1 трлн долларга жетет деп күтүлүүдө.
Февраль айында Америкадагы сатуулар 59,2%га, Европада – 42,3%га, Кытайда – 57,4%га жана Азия-Тынч океан аймагында (башка аймактарды кошкондо) 93,5%га өскөн. Ошол эле учурда Японияда сатуу 0,3%га төмөндөгөн.