Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы өстү: Кыргызстанга кандай таасир берет?

Экономика Загрузка... 07 Апрель 2026 10:00
4545.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жараша дүйнө жүзүндө мунайга жана мунай продуктуларына болгон баалар кескин түрдө жогорулап жатат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндөгү Brent маркасын алып карасак, баалар эки эсеге чейин же 1,7–1,8 эсеге жогорулады.

"Бул дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан тенденция. Кыргызстан мунай заттары менен ички керектөөнү толук камсыз кыла албайт. Ошондуктан биз дүйнөлүк тенденциядан сыртта кала албайбыз. Бүгүнкү күндө компаниялар мунай заттарынын көпчүлүк бөлүгүн Россиядан алып келет. Ал жерде да баалар 300 долларга чейин жогорулады. Андан да жогору болуп кеткен учурлар бар. Дизель отуну боюнча бүгүнкү күндө баалар 1 миң 200 доллардан ашып кетти", — деди Эшатов.