Дональд Трамп Иранга каршы аскердик операция канча убакытка созуларын айтты

Дүйнө Загрузка... 02 Март 2026 16:06
r1x8yNftWl_0_0_855_481_0_x-large (1).avif
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик операция төрт–беш жумага чейин созулушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал The New York Times гезитине берген маегинде билдирди.

Трамп белгилегендей, аскердик операцияга АКШ армиясы алдын ала даяр болгон.

АКШ президентинин пикиринде, Пентагон жетиштүү көлөмдө авиабомбаларды жана ракеталарды камдаган.

«Дүйнө жүзү боюнча ар кайсы өлкөлөрдө биздин аскердик курал-жарактардын ири корлору жайгашкан», — деп кошумчалады Трамп.

Мындан тышкары, ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыяланган атайын кайрылуусунда «операция алдыга коюлган максаттарга жеткичекти уланат» деп билдирди.

Ошондой эле, Трамп Иран армиясынын жетекчилиги жок кылынганын, көпчүлүк аскерлер өмүрүн сактап калуу үчүн багынууга аракет жасап жатканына токтолду.