Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Дубайда коомдук транспорт системасын кеңейтүү максатында метро курулат, деп билдирет Kazinform.
Маалыматка караганда, “Алтын линия” деп аталган 42 чакырымга созулган метро өзүнө 18 станция жана туннелдерди камтыйт. Ал 1,5 млн киши жашаган 15 районду аралап өтөт.
Курулуштун долбоору менен Дубайдын эмири Мухаммед бен Рашид Аль Мактум тааныштырып, социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Биздин долбоор дүйнөдө Дубайды жашоо ыңгайлуу шаар кылууга багытталган. Биздин план – миллиондогон адамдарга жаркын келечекти куруу”, - деп жазды ал.
Долбоордун баасы 34 млрд дирхамга ($9,25 млрд) жетет деп айтылууда.
Курулуш иштерин 2032-жылы бүткөрүү пландалууда.