Дубайдагы мейманканалар кызматкерлерин кыскартууда

Дүйнө Загрузка... 30 Март 2026 09:35
WhatsApp Image 2026-03-30 at 09.36.44.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Дубайдагы мейманканалар кызматкерлерин кыскартууда. Бул тууралуу Al-Quds News гезитине шилтеме берип, Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Дубайдагы мейманкана ээлери кызматкерлерин кыскартууга же эмгек өргүүгө жөнөтүүгө мажбур болушууда.

"БАЭге туристтик агымдын азайышы өз кезегинде мейманкана бизнесине таасирин тийгизди. Дубайдагы тогуз мейманкананын кызматкерлери айрымдары жумуштан бошотулганын, өргүүгө жөнөтүлгөнүн же айлык акылары 45%га кыскарганын билдиришти", - деп жазат гезит.

Гезиттин маалыматы боюнча, туризм БАЭнин ИДПсынын 13%ын түзөт. 2025-жылы өлкөнүн экономикасына болжол менен 72 млрд доллар салым кошуп, 925 миңге жакын жумуш орду менен камсыздаган. Былтыр Дубай тарыхый рекорд коюп, кеминде бир түнгө калган 19,6 миллиондой чет элдик туристти тосуп алган, мейманканалардын толушу орточо эсеп менен 80%ды түзгөн.

Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңешинин (WTTC) маалыматы боюнча, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал аймактын туризм тармагына күнүнө 600 млн доллар чыгым алып келүүдө.