Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Чек арадагы чыр-чатактардан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келүүсү, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесинин чечилиши бул тарыхый окуя. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы кол коюлуучу документтер эл аралык да мааниге ээ болуп, биринчиден Кыргызстан менен Тажикстан үчүн, экинчиден Фергана өрөөнү жана жалпы Орто Азия чөлкөмү үчүн маанилүү.
“Азыркы жүргүзүлүп жаткан иштерди колдойм, убагында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезде Тажикстандын президенти менен жолуккан учурлар болгон. Мына эми ушундай кубанычтуу күнгө жеттик, эки кошуна өлкө илгерки тарыхый мамилелерибизди кайра калыбына келтирээрибизге терең ишенем. Бирок, качан да болсо дайыма чек араны көздүн карегиндей сактап, ага байланыштуу маселелерди талдап, карап, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап турушубуз керек. Кыргызстан дүйнөлүк геосаясаттын чордонунда тургандыктан, эки өлкөнүн президенттеринин алдыдагы жолугушуусу жемиштүү болот деген чоң үмүттөмүн”,- деди Абдыганы Эркебаев.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин, мамлекеттик сапардын жүрүшүн учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү көз салып карап тураарын өз сөзүндө кошумчалады.