Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Гүлай Машрапова Ош облусунун Кара-Суу районунун билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кайрылуусуна токтолуп, мектептерде психолог штаттарын ачуу маселесин көтөрдү.
Ал белгилегендей, азыркы учурда балдар арасында стресс, буллинг, агрессия жана өзүнө ишенбестик сыяктуу көрүнүштөр болуп, айрым учурларда булар кайгылуу кесепеттерге алып келүүдө.
"Кара-Суу районунун билим берүү кызматкерлеринен мектептерге психолог штатын ачуу боюнча кайрылуулар келип түштү. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, азыркы учурда балдар арасында стресс, буллинг, агрессия жана өзүнө ишенбестик болууда. Айрым учурларда бул эң кайгылуу кесепеттерге — суицидге чейин алып барууда. Окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер менен иштөөгө ар бир мектепке психолог штатын киргизүү мүмкүнчүлүгүн жалпы билим берүү кызматкерлеринин атынан суранып кетем", — деди депутат.