Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бүгүндөн тартып "Эл үмүтү" президенттик стипендиясынын расмий порталы ишке кирди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, эми талапкерлер онлайн форматта арыз тапшырып, катышуу шарттары, тандоо критерийлери жана керектүү документтердин тизмеси менен тааныша алышат.
Документтерди кабыл алуу программанын расмий порталы аркылуу жүргүзүлөт. Арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрү, тандоо этаптары жана талапкерлерге коюлган талаптар боюнча бардык маалыматтар платформада жеткиликтүү.
Белгилей кетсек, "Эл үмүтү" президенттик стипендиясы Кыргызстандын таланттуу жана келечектүү жаштарын колдоого, сапаттуу билим алууга шарт түзүүгө жана жаш жарандардын кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.