Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү жөн гана экономикалык кызыкчылыкка эмес, тарыхый жакындыкка жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу деген жалпы максаттарга негизделген. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Элчи белгилегендей, эки өлкөнүн жетекчилиги калктын жашоо деңгээлин жогорулатууну башкы артыкчылык катары көрүшөт.

“Биздин мамиле жөн гана пайда табуу менен чектелбейт. Көп учурда бири-бирибизге кол сунуп, жардам берип келебиз. Мунун эң айкын мисалы COVID-19 пандемиясы учурунда Россиянын Кыргызстанга вакцина берип, дарыгерлердин көмөктөшкөнү. Ошондой эле Россияда табигый кырсыктар болгондо, кыргызстандыктар да кайдыгер калбай, гуманитардык жардам жөнөтүп турушат. Бул биздин мамилебиздин өзгөчө белгиси”, - деди элчи.
Сергей Вакунов мамилелердин тарыхый өзөгү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында эле бекемделгенин, ал кезде Кыргызстан Ленинграддан келген качкындарды кучак жайып тосуп алганын “ыйык эстелик” катары атады. Бул руханий негиз бүгүнкү күндө практикалык кызматташтык менен уланууда.
“Кыргызстан техника сурап кайрылганда, Россия жардамын аяган жок. Ири гранттын негизинде 40 өрт өчүрүүчү унаа жана бир тик учак жеткирилди. Ал техникалар өлкөнүн инфраструктуралык өзгөчөлүктөрүнө, айрыкча көпүрөлөрдүн бийиктигине ылайыкташтырылып, төмөнүрөөк долбоорлонгон. Бул жардамдын өз убагында жетишине шарт түзөт”, - деп кошумчалады дипломат.
Сөзүнүн соңунда элчи коңшулаштык мамилелерди бекемдөө акырындап бизнестин өнүгүшүнө жана адамдардын келечекке ишенимдүү пландарды түзүүсүнө алып келерин жыйынтыктады.