Элдик Банк Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-жылдык юбилейинин сессиясынын алкагында өткүрүлгөн БУУнун Глобалдык келишиминин лидерлеринин саммитинде “Борбордук Азия – Туруктуу өнүгүүгө карай жаңы Жибек жолу” панелдик сессиясында сөз сүйлөгөн Кыргызстандагы биринчи каржы институту болуп калды. Бул катышуу Элдик Банктын аймактагы лидер катары таанылган ордун көрсөтө алды жана анын Туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдырууга кошкон олуттуу салымын да тастыктап койду.
Панелдик талкуу аймактагы беш өлкөнүн бизнес өкүлдөрүн, саясатчыларын жана инвесторлорун, ошондой эле, БУУнун Башкы Ассамблеясынын-2025 жумалыгынын отурумдарынын жана иш-чараларынын башка катышуучуларын бириктирди. Сессияда чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө катары Борбордук Азиянын стратегиялык потенциалы, ошондой эле, “жашыл каржылоо”, кайра иштелип чыгуучу энергия жана туруктуу инфраструктура өнүгүү багытында жаңы мүмкүнчүлүктөр каралды.
Элдик Банктын атынан сүйлөгөн сөзүндө Башкарманын Төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы эң чоң өлкө катары өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп кетти.
Жакыпова белгилегендей, бүгүнкү күндө Элдик Банк Кыргызстандагы жашыл трансформацияны алдыга жылдыруучу – туруктуу өзгөрүүлөрдүн демилгечиси жана көмөкчүсү. Банк телекоммуникация, инвестиция жана лизинг жаатында туунду компанияларды бириктирген толук кандуу каржы- санарип экосистема болуп саналат. Ошондой эле, Банк “жашыл” каржы продукттарын, энергиянын кайра иштелип чыгуучу булактарын жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду иш жүзүнө жигердүү ашырууда, ишкер аялдарды колдоодо, ири инфраструктуралык долбоорлорду жана чакан жана орто бизнести каржылоодо.
Банктын 2026-жылы Лондон фондулук биржасында 300 миллион доллар суммасында еврооблигация - баалуу кагаздарын чыгаруу планы тууралуу да Жакыпова айта кетти. Натыйжада, тартылган каражаттар “жашыл” долбоорлорго, стратегиялык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана банктын санарип экосистемасынын кеңейишине жумшалат.
- Элдик Банк БУУнун Глобалдык келишиминин эл аралык алкагында Борбордук Азиянын жүзү болгонуна сыймыктанат. Бул биз үчүн жооптуу бизнес тажрыйбасын, максаттарыбызды жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча пландарды аткарууда жаңы мүмкүнчүлүк, - деп белгиледи А.Жакыпова.
Элдик Банктын панелдик сессияга катышуусу, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн глобалдык күн тартибин ишке ашыруудагы ордун баса белгилөө менен, банктын өзүнүн да, бүтүндөй Кыргызстандын да эл аралык аброюн бекемдөөгө олуттуу салым болуп калды. Банк, ошондой эле, БУУнун Глобалдык келишиминин Борбордук Азиядагы кеңсесинин Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп санала тургандыгын кошумча айта кетебиз.