Элдик Банк кытай CIPS (Cross-Border Interbank Payment System) Банктар аралык чек ара төлөм системасын Борбордук Азияда ишке ашырган биринчи банк болуп калды.
Мындай стратегиялык кадам кыргызстандыктарга кытай контрагенттери жана системанын башка катышуучу-өлкөлөрү менен юань аркылуу түз жана ыкчам эсептешүүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана мында бизнес үчүн жаңы шарттар түзүлүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштар бекемделет.
CIPS системасы ортомчу чынжырчасыз эле, чыгымды азайтуу менен, эл аралык эсептешүүлөрдүн салттуу ыкмаларына караганда, транзакияларды бат жана ачык-айкын камсыздай алат. Бул системанын катышуучуларына, дүйнөлүк деңгээлде эсептешүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн, ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу менен, эсептешүүлөрдү борбордук CIPS инфраструктурасы аркылуу түз эле жүргүзүүгө жол ачат.
Олуттуу артыкчылыктар: белгиленген убакыт аралыгында трансчек аралык эсептешүүлөр, чыгымдарды олуттуу кыскартуу/жокко чыгаруу, кытай рыногундагы бизнес үчүн ачык-айкындуулукту камсыздоо жана тиешелүү инструменттерди кеңейтүү.
«Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев белгилегендей: "Элдик Банкта CIPS системасын ишке ашыруу биздин кардарлар үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана эл аралык кызматташтыкка көмөктөшүү боюнча стратегиябыздын бир бөлүгү болуп саналат. Юань менен түз эсептешүү каржы операцияларын кыйла жөнөкөйлөтүп, биздин кардарлардын атаандаштыкка жөндөмдүү дараметин жогорулатат жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоого салым кошот".
Элдик Банк, заманбап технологияларды кеңири жайылтуу менен, динамикалуу өнүгүп жаткан экономиканын муктаждыктарына дал келген натыйжалуу каржы чечимдерин сунуштап, бизнес үчүн ишенимдүү өнөктөш катары өз иш-аракетин жигердүү улантууда.
Келечекте Элдик Банк аймактагы бардык банктарды CIPS системасына кыйыр катышуучу катары туташтыруу кызматын көрсөтүү жагын да караштырууда.
Улуттук банктын №033, 033/1лицензиясы