Элдик курултай: Кайрылууда көтөрүлгөн жол көйгөйү кантип чечилүүдө?

Элдик курултай Загрузка... 09 Апрель 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын аймактарындагы жолдордун абалы, тоолуу татаал жерлерге жол салуу, жер-жерлерде көпүрө байланыштарын калыбына келтирүү тактап айтканда, жол маселеси IV Элдик курултайда региондордон келген делегаттардан түшкөн кайрылуулардын негизги бөлүгүн түзөт. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы республика боюнча 1100 чакырым жол курулуп жана оңдоло турганын билдирди. Негизги басым стратегиялык маанидеги унаажолдорго жана жергиликтүү маанидеги жолдорго жасалат.

Жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана кеңейтүү учурда басым жасалып жаткан туризм, инвестиция тартуу, эл аралык соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, бизнести жана логистиканы өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү. Анын үстүнө быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммитинде бир катар өлкөлөрдүн президенттери баштаган жогорку деңгээлдеги меймандарды тосууга даярданып жатат. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келиши күтүлүп жаткан 90дон ашык мамлекеттин спортчуларын кабыл алып, миңдеген туристтерди тейлөө жоопкерчилиги турат. Андыктан Кыргызстандын 2026-жылдагы жол иштери күчөтүлгөн тартипте жүрөрү турган иш.

Алсак, быйыл "Манас" аба майданынан "Бишкек" эркин экономикалык аймагы аркылуу Ала-Арча суу сактагычына кетчү 11 чакырым жол реконструкцияланат. Ошондой эле жаңы "Ош" базары менен жаңы бекетке алып барчу жол курулат. Бишкектин тегерегиндеги Арашан — Чуңкурчак, Лебединовка — ГЭС-5 жана Бишкектен Кантка жана Күнтуу менен Шопоковго кетчү жолдордун курулушу да уланат.

Ири эл аралык окуяларга карата Ысык-Көл облусунда да масштабдуу курулуштар жүрүп жатат. Быйылкыга Чолпон-Атадагы айланма жолду бүтүрүү, Григорьев жана Семенов капчыгайлары аркылуу Кырчын жайлоосуна кетчү жолдорду асфальттоо пландалган. Бул эки жолдун негизги курулушу 2025-жылы бүткөрүлгөн болчу. Ошондой эле көлдүн күңгөйүндөгү Жыргалаң ("Ала-Тоо резорт") тоо лыжа базасына кетчү автомобиль жолу салынып жатат. Күзгө чейин анын асфальтталышы айтылууда. Тескейде Барскоон айылынан Кытай менен чектеш жердеги "Бедел" өткөрүү пунктуна чейинки жолдун курулушу уланат. Бул стратегиялык долбоор болуп саналып, Кытай менен соода-экономикалык байланышты кеңейтет. Ал эми курулушу бир нече жылдан бери бүтпөй турган Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолундагы иштер быйыл толук аяктайт деп, Транспорт министрлиги убада берүүдө.

Өлкөнүн башка региондоруна келсек, Төө-Ашуунун асфальты жаңыртылып, Ош — Бишкек унаа жолунун Сосновкадан ашууга чейинки жээгиндеги 20 жылдан бери алмаштырыла элек тосмолору жаңыртылат. Андан ары Жалал-Абадда Ала-Букадан Кировкага чейинки автомобиль жолундагы иштер уланат. Ош облусуна келсек, аталган аймактан Алайку өрөөнү аркылуу Кытай менен чек арадагы "Эркечтам" пунктуна чейинки эл аралык маанидеги Ош — Сары-Таш — Эркечтам автожолун капиталдык ремонттон өткөрүү пландалган. Жолдун жүк көтөрүмдүүлүгү жогорулап, "Эркечтам" бекети менен анын тегерегиндеги айылдар жарыктандырылат. Бул арада Нарын шаарынан Ак-Талаанын Баетов айылына чейинки жолдо да жумуштар пландалган. Ал эми Таласта 31-август — Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына карата дээрлек 220 чакырым жол жаңыртылат. Мааракелик башкы саамалыктар быйыл Таласта өтөрү белгилүү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аймактардан түшкөн кайрылуулар боюнча да иш алып барууда. Алсак, 2025-жылдын соңунда өткөн IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан 234 кайрылуу жана суроо келген.

"Түшкөн суроолор боюнча Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бардык бөлүмдөрү иштеп, кайрылуу ээлерине жооптор жиберилген. Курултайда делегаттардын көбүн негизинен аймактардагы жолдордун абалы, жолдорду салуу, асфальттоо, көпүрө куруу жана жолу алыс, татаал, барууга кыйын аймактардын жолдорун жасоо суроолору кызыктырган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги делегаттардын суроолоруна быйыл, 2026-жылы "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча болжол менен 700 чакырымдан ашык, ал эми Титулдук тизме боюнча 457 чакырым жол куруу жана оңдоо каралгандыгы тууралуу жооп берди. Ошондой эле курулуштун жүрүшүндө айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүндүгү белгиленди", — деп билдирди Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Эске салсак, 2025-жылдын 25–26-декабрында Бишкекте Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай өткөн. Ага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегат келген. Жыйында аймактардын өкүлдөрү жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлөр, демилгелер туурасында маалымат берип, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бетме-бет баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.