Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Эгерде азыртадан электр энергиясынын тарифин көтөрбөсөк, анда тармакта таңкыстык өсө берет. Бул тууралуу пикирин саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы 1 кВт саат электр энергиясына төлөнүп жаткан 70 тыйын, бул учурунда элди тынчытуу үчүн коюлган саясий баа.
“Белгилүү болгондой, Кыргызстанда жылдан жылга курулуштун саны өсүп, аны менен бирге жыл сайын 1 млрд кВт саатка электр энергиясына дефицит өсүп жатат. Эгерде биз ГЭСтерди, башка электростанцияларды курбасак свет өчөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө экономика мыйзамдарына жараша баа болуш керек. Мисалы, уюлдук компанияларды көрүп жатасыңар, өздөрү бааны коюп жатат, биз болсо төлөп, сүйлөшүп эле жүрөбүз. Заман ушуга жеткирди, биз дагы калып калдык. Азыр Кыргызстанда бардыгы болуп, 3 ГВт сааттын тегерегинде коюлган кубаттуулук бар, бирок бул 7 млн калкка өтө аз. Мисалы, Казакстанда 20 млн калкка 21 ГВт саат коюлган кубаттуулугу бар.
Ошондуктан элге ачык айтып, электр энергиясына болгон бааны саясий эмес, экономикалык бааны коюш керек. Дагы жакшы 7 млн калкка электр энергиясын жеткирип жатабыз, башка мамлекеттерге караганда бизде катуу өчүрүүлөр болгон жок”, - деди Бакетаев.
Ошондой эле саясат таануучу акыркы 30 жылда элдин акчасына жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн бир гана “Бала-Саруу” ГЭСи курулгандыгын өз сөзүндө белгиледи.
“Эгер учурдун талабына жараша экономикалык баада төлөсөк, Энергетика министрлиги өздөрү эле ГЭСтерди куруп салмак. Азыр убакыт жетти, менин оюмча ачык-айкын бааны айтыш керек. Биз экономикалык баада төлөбөсөк, анда биздин электр энергия жакын арада өчө турган болуп жатат. Дагы жакшы Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын оңдоп, 60 мВт коюлган кубаттуулукту көбөйтүп жатат. Башка мамлекеттерде ушинтип электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйткөн учурларды уга элекмин”, -деди ал.