Эмгек сиңирген мугалим Өмүрзак Мамаюсуповдун 12 жылдык билим берүү боюнча пикири

Пикир Загрузка... 06 Март 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-03-06 at 14.48.46.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Жалпы орто билим берүү системасы 12 жылдык деп айтылганы менен мурдагыдай эле убакытта окутулат, окуучулар узакка окуп калат деп түшүнбөшүбүз керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Эмгек баатыры, Эмгек сиңирген мугалим, атактуу Ноокат билимканасынын негиздөөчүсү Өмүрзак Мамаюсупов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүү дүйнөлүк стандарттарга туура келип, биздин мектеп бүтүрүүчүлөрүбүздүн чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

“Чет өлкөлөргө миграцияга же билим алуу үчүн кеткендер документ иштери биринчи маселе болсо, экинчиси биздин билим берүү системабыздын ал жактын системасы менен шайкеш келбегендиги болду. Ашыкча, керексиз, чет өлкөдө эмес жашоодо керексиз предметтер бар десек болот. Америка, Европа, Кытайда жана андан башка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 12 жылдык аттестат берет. Чет өлкөгө жогорку же кесиптик окуу жайга тапшырууда алар биринчи орто билимди сурашат да биздин аттестат жарабай калууда. 11 жылдык орто билим менен алар окууга кабыл албай, даярдоо курсунан өтүүгө туура келет.

Мектептерге 12 жылдык программаны киргизип, Кыргызстан кесипкөйлүк менен евро стандарттагы билим берсек, биздин окуйм деген балдар барган жеринен түз кабыл алынат. Бул бүгүнкү күндүн талабы, билим берүүгө күйгөн адамдар биз бардыгын түшүнүп турабыз. Бул муктаждыктан келип чыккан оор процесс болууда. Туура кабыл алышыбыз зарыл, туура кабыл алгысы келбегендер балким бул маселенин маңызына чейин түшүнгүсү келбейт. Мисалы, табигый илимдер боюнча предметтерде эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок керектүү нерселери көп, жогорку класстын окуучулары келечектеги кесибине карата багыт тандоо мүмкүнчүлүктөрү жаралат.

12 жылдык билим берүүдө деле башталгыч класстарда баштапкы билим берилет, 7-8-9 негизги жалпы билим берүү, 10-11-12 класс орто жалпы билим берүү болуп бөлүнөт да атайын багыттар менен кетет. Мисалы, табигый илиимдер багыты, коомдук илимдер багыты же кесиптик багыт”, - деди Өмүрзак Мамаюсупов.

Дүйнөлүк практикадан белгилүү болгондой, турмушта керектүү кесиптик багыттарды окуучуларга мектеп программасында эле беришибиз керектигин кошумчалаган Өмүрзак Мамаюсупов учурда IT тармагына кызыккан балдар көп экендигин айтты.

“Бирок ошол программалоонун баштапкы этабын балдар мектеп курагынан эле өздөштүрүп алса, кийин адис катары билим алууда жеңилдиктер болот. Бала кайсы бир багытты эрте өздөштүргөнү, өзүнүн багытын эрте аныктаганы өзү үчүн эле пайдалуу болот. Ошондуктан, эртенки күнүбүздүн бүгүнтөн тартып ойлонуп, окушубуз керек. Бул билим берүүдөгү зарыл реформалардын бири десек болот. Азыр биздин Билим берүү жана илим министрлиги туура багытта бара жатат. Бири-бирибизди чочутуп 12 жыл окуганча балдар 18-19 жашка чыгып кетет дегендин кереги жок. Балдарды 6 жаштан дароо мектепке 1-класска кабыл алуу да эч кандай маселе жаратпашы керек”, - дейт Эмгек сиңирген мугалим.