Эми Россияда мейманканага паспортсуз жайгашса болот

Дүйнө Загрузка... 01 Апрель 2026 09:10
8d88a163-c6b4-46f3-8aa6-39dc531d573f.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. 1-апрелден баштап Россиянын мейманканаларында катталуунун жаңы тартиби ишке кирет. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Ага ылайык, эми катталуу паспорт менен гана эмес, айдоочулук күбөлүк, биометрикалык маалыматтар же Мамлекеттик каттоо порталы аркылуу да мүмкүн болот.

Тиешелүү өкмөттүн токтому 2025-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Ал 1-апрелден тартып күчүнө кирет.

Россиянын жарандыгы бар балдар жашына жараша жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо менен каттала алышат. 14 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана ата-энесинин же коштоп жүргөн адамдын документтерин, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ата-энесинин макулдугун көрсөтүү менен каттала алышат. 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жеке документтерин, анын ичинде биометрия же Мамлекеттик каттоо порталы сыяктуу санариптик кызматтарды, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ата-энесинин макулдугун колдонуу менен өз алдынча каттала алышат.

Мындан тышкары, Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылы Россия Max мессенжерин колдонуп мейманканаларга катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизет. Ири мейманкана тармактары аны конокторду каттоо үчүн сынап көрүшүүдө.