Энергетикадагы ири долбоорлор: ГЭСтер жана кайра жаралуучу энергия булактары

Экономика Загрузка... 02 Июнь 2026 17:00
WhatsApp_Image_2026_ZSjklkg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Энергетика өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана калктын жашоо сапатынын негизги тиреги болуп саналат. Электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү шартында Кыргызстан жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө, гидроэнергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул багыттагы иштер ички керектөөнү ишенимдүү камсыздоо, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы өлкөнүн энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган соң, тармакты өнүктүрүүгө жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга багытталган бир катар ири реформалар ишке ашырылууда.

Анын алкагында төмөнкү негизги багыттар боюнча иштер жүргүзүлүп келет:

  • Энергетика тармагында жаңы тарифтик саясатты ишке ашыруу;
  • Тармактагы карыздык жүктү азайтуу жана энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун калыбына келтирүү;
  • Жылуулук менен камсыздоо объектилерин муниципалдык башкарууга өткөрүү;
  • Иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялоо жана жаңы гидроэнергетикалык объектилерди куруу;
  • Кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу;
  • Тармакта структуралык реформаларды жүргүзүү жана санариптик технологияларды киргизүү;
  • Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү жана тармакты реформалоо;
  • Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана экспорттук потенциалын жогорулатуу.

Энергетика тармагындагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири болгон Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана аймактык энергетикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү жана азыркы учурда Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишимдин долбоору макулдашуу баскычында турат.

Андан сырткары гидроэлектр станцияларды куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашууда. Атап айтканда, алардын катарында 120 МВт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, 1440 МВт кубаттуулуктагы Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, 216 МВт кубаттуулуктагы Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо, ошондой эле 912 МВт кубаттуулуктагы Казарман ГЭСтер каскадын жана 1305 МВт кубаттуулуктагы Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бар.

Ошондой эле Энергетика министрлиги менен “Росатом” компаниясынын ортосунда өз ара кызматташуу келишимин негизинде 2026-жылдын аягына чейин кубаттуулугу 25 МВт болгон шамал электр станциясын пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Муну менен бирге эле электр станцияларын куруу боюнча 11 долбоорду, шамал электр станцияларын куруу боюнча 2 долбоорду жана чакан гидроэлектр станцияларын куруу боюнча 3 долбоорду ишке ашырууга инвестициялык макулдашуулар түзүлдү. Аталган долбоорлордун жалпы орнотулган кубаттуулугу 6141 МВтты түзөт, ал эми жарыяланган инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 4,7 млрд АКШ долларына барабар.

Ошондой эле инвестициялык макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жалпы кубаттуулугу 2245 МВт/саат болгон электр энергиясын топтоочу системаларды орнотуу каралган. Бул чаралар энергосистеманын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга, кайра жаралуучу энергия булактарын натыйжалуу интеграциялоого, ошондой эле электр энергиясын өндүрүүдөгү суткалык жана сезондук өзгөрүүлөрдү тең салмактоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, энергетика тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык 2030-жылга чейин жалпы орнотулган кубаттуулугу 420,8 МВт болгон 48 чакан гидроэлектр станциясын ишке берүү пландалууда.

Министрлик белгилегендей, жогорудагы долбоорлордун алкагында өлкөдө алгачкы ирет Кемин шаарында 100 МВт кубаттуулуктагы күн станциясы ишке киргизилди. Мамлекеттик мекемелердин чатырларына жана ГЭС-5 суу сактагычынын үстүнө күн панелдери орнотулду. Ошондой эле “Нур-Кубат” социалдык долбоорунун алкагында 10 үйгө кубаттуулугу 10 кВт болгон күн панелдери коюлду. Натыйжада 2025-жылы жалпы көлөмү 102 990 кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп социалдык долбоордун алкагында аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал үчүн Кыргызстан улуттук электр тармагы тарабынан 280 627 сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнгөн.

Шамал энергетикасы багытында да алгачкы кадамдар жасалып, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында курулган Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясы улуттук энерготутумга электр энергиясын бере баштады. Бул долбоор өлкөнүн шамал ресурстарын өздөштүрүү боюнча маанилүү тажрыйба болуп, келечекте ушул багыттагы жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзүүдө.

Ошондой эле жакынкы айларда өлкөнүн энергетикалык тутумуна кошула турган бул багыттагы объектилердин ишке кирүү мөөнөттөрү төмөндөгүдөй:

  • “РЭЦА” күн электр станциясы (1-фаза): Кубаттуулугу 150 МВт болгон бул ири станциянын биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосунда аяктоо алдында турат.
  • Орто-Токой ГЭСи: Кубаттуулугу 21 МВтты түзгөн станциянын курулушу жыйынтыктоочу баскычка жетти. Объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери июль айына чейин толук бүтөт.
  • "Бишкек Солар" күн электр станциясы (1-этап): Кубаттуулугу 100 МВт болгон бул долбоордун биринчи кадамы август айында пайдаланууга берилет.

Ал эми бул долбоорлор өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга, энергия өндүрүү булактарын көбөйтүүгө жана энергетикалык системанын туруктуулугун чыңдоого жардам берет. Ошондой эле гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты төмөндөтүп, калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү экологиялык жактан таза энергиянын үлүшүн көбөйтүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт.