Энергетикалык стабилдүүлүк. Генерациянын диверсификациясы – туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги

Аналитика Загрузка... 06 Апрель 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстандын тездик менен өсүп жаткан экономикасы барган сайын көп энергияны талап кылууда. Бул жүздөгөн жаңы жана модернизацияланган завод-фабрикалар, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өлкө боюнча айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кластерлер, туристтик жайлар жана башка тармактар үчүн зарыл. Мындан тышкары, өлкө боюнча курулуп жаткан ондогон жаңы кичи райондор электр тармагына кошумча жүк келтирүүдө.

Энергияны керектөө кошумча өндүрүү кубаттуулугуна караганда тезирээк өсүүдө. Адистердин эсептөөсү боюнча, өнүгүү темпин эске алганда, 5-6 жылдан кийин бизге азыркы өндүрүлгөн көлөмдөн болжол менен 1,5 эсе көп электр энергиясы керек болот. Ошондуктан жаңы энергия өндүрүүчү кубаттуулуктарды ишке киргизүү бир гана Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экономикалык туруктуулугунун негизги факторуна айланууда.

Өлкөбүздө бир нече жылдан бери ондогон чакан ГЭСтер курулуп жатат. Камбар-Ата-1 ири ГЭСинин курулушу башталды, ал эми Кара-Кече көмүр кенинде ири жылуулук электр станциясы пайда болот. Шамал генераторлору жана күн батареялары өзүнчө маселе. Бул технологиялар учурда кыйла кымбатка турат жана алар аба ырайынын шарттарына, жыл мезгилине түздөн-түз көз каранды. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) бул тема боюнча фундаменталдык изилдөө жүргүзүп, аны жакында жарыяланган отчетто көрсөттү.

Борбор Азияда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүдө сезондук өзгөрмөлүүлүк байкалат. Бул аймак күн радиациясынын эң жогорку сезондук амплитудаларынын бири менен мүнөздөлөт — күн энергиясын өндүрүү жайында кышка караганда бир кыйла жогору. Казакстан жана Өзбекстанда күн энергиясын өндүрүү май-июль айларында туу чокусуна жетип, пайдалануу коэффициенти максимумду түзөт, ал эми декабрь-январь айларында ал төрт эсеге төмөндөйт.

ммии
"Шамал энергиясын өндүрүү, тескерисинче, сезондук мүнөзгө ээ, жайында орточо эсеп менен 20%, ал эми кышында 40-45%ды түзөт. Бирок ал күн энергиясын өндүрүүнүн төмөндөшүн толук компенсациялай албайт. Натыйжада кышында, керектөө эң жогору болгондо, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жалпы салымы минималдуу болушу мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөр системага жүктү көбөйтөт жана өлкөлөр ортосунда энергия алмашууну алдын ала пландаштырууну талап кылат: айрым өлкөлөрдө жайында ашыкча энергия болсо, башкаларында ал кышында жаралат", — деп айтылат ЕӨБдин отчетунда.

Адистер белгилүү фактыларды мисал келтиришет: суук мезгилде тоо дарыяларынын агымы азаят, күн аз тиет жана күндүзгү убакыт 15 сааттан 9 саатка чейин кыскарат. Шамал сыяктуу табигый кубулушту так алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Бул кышкы мезгилде энергиянын кайра жаралуучу булактары энергетика тармагы көз каранды болгон базалык станциялардын ишин аткара албайт дегенди билдирет. Башкача айтканда, эң жогорку жүктөм мезгилинде өнөр жай үчүн да, турак жайларды жылытуу үчүн да электр энергиясы керек болгондо жарыктын өчүрүлүү коркунучу кайра-кайра пайда болот.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков "жашыл күн тартиби" менен гана кете берүү туңгуюкка алып келиши мүмкүн экенин белгилейт. Энергиянын кайра жаралуучу булактарына гана таянууну пландаштыруу мүмкүн эмес, демек, экономика туруксуз генерацияга таяна албайт. Ошондуктан биздин кошуналарыбыз Казакстан жана Өзбекстан тышкы факторлордон толугу менен көз карандысыз болгон атомдук энергетиканы өнүктүрүүнү тандашты.

WhatsApp_Image_2026-04-06_at_13.46.10.width-800

"Электр энергиясынын тартыштыгы бар өлкө катары бизге чоң базалык кубаттуулук керек. Ооба, бизде ири Токтогул ГЭСи бар. Анын суу сактагычынын эбегейсиз сыйымдуулугунан улам ал жыл бою иштей алат, бирок суу аз болгон мезгилде биз суу сактагычты толтурууда кыйынчылыктарга туш болдук. Ал эми суунун деңгээлинин төмөндөшү станциянын иштешине да терс таасирин тийгизет. Ошондуктан учурда Камбар-Ата-1 долбоору ишке ашырылууда, бирок аны аяктоо үчүн бир нече жыл талап кылынат. Кара-Кече көмүр кенинде ири жылуулук электр станциясынын курулушу башталууда, ал жыл бою жана аба ырайынын бардык шартында иштей алат. Биздин энергетика тармагыбыз көз карандысыз жана натыйжалуу болушу үчүн ушундай негизги кубаттуулуктарга таянуу зарыл. Менин оюмча, жакын кошуналарыбыздын атомдук энергияны өнүктүрүүнү тандап алганы көңүл бурууга татый турган маанилүү кадам. Илим өнүгүп, бул технологияларды экологиялык жактан коопсуз кылууда. Казакстан ири атомдук электр станциясын курууга даярданып, экинчисин кайда жайгаштырууну да ойлонууда. Өзбекстан болсо муз жаргычтарда жана суу астында жүрүүчү кемелерде колдонулган реакторлорго окшош бир нече кичи кубаттуулуктарды орнотууну тандап алды. Мындай чакан курулмалар жер титирөөгө туруктуу келет. Алардын технологиясы ядролук калдыктарды жөн эле жок кылбай, кайра иштетип, башка атомдук электр станциялары үчүн отунга айландыруу деңгээлине чейин өркүндөтүлгөн. Ошентип, Борбор Азиянын энергетикалык системасында ишенимдүү иштей турган туруктуу генерациясы бар базалык станциялардын тармагы түзүлүүдө. Ушинтип гана биз муктаждыктарыбызды канааттандырып, өсүп жаткан тартыштыкты жеңе алабыз", — деп баса белгилейт Эрнест Карыбеков.

Энергетика тармагынын потенциалын ишке ашырбастан, экономикалык өсүш мүмкүн эмес. Туруктуу өнүгүү тенденциялары пайда болгон аймактарда электр энергиясын керектөө кескин өсөт.

Бүгүнкү күндө бардыгы — ишканалар, азык-түлүк өндүрүү, социалдык жана маанилүү инфраструктура, транспорт, байланыштын бардык түрлөрү, технологиялык түзүлүштөр жана гаджеттердин иштеши электр энергиясына көз каранды.

Албетте, үйлөрүбүздөгү жарык, жылуулук жана башка ыңгайлуулуктар үчүн да энергия керек. Ошондуктан күчтүү энергетикалык система өлкөнүн ийгилигинин жана туруктуулугунун негизги фактору.