Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Эртең, 12-июнда Бишкекте алгачкы жолу белгилүү Enigma долбоорунун "алтын үнү" Эндрю Дональдстын концерти өтөт. Бул тууралуу дүйнөгө таанымал артист бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, концерт Кыргызстандын президенттик оркестрдин жана курамына 20га жакын жаш аткаруучу кирген балдар хорунун коштоосунда өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучусу Ислам Сатаров тактагандай, балдар жамаатын даярдоо иштерин КР Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова жана Опера жана балет театрынын солисти Акманай Эшбаева жетектеп жатышат.

Журналисттер менен болгон жолугушууда Эндрю Дональдс аны Кыргызстан менен үй-бүлөлүк байланыштар бириктирип турарын ачыктады.
"Менин уулумдун таятасы кыргызстандык айымга үйлөнгөн, алар Бишкектин четинде жашашат. Алар биздикине конокко келгенде мен сиздердин улуттук тамак-аштардан көп даам татам, ошондуктан бул жакта мени эмне күтүп жатканы тууралуу түшүнүгүм бар болчу. Бирок Кыргызстанга өзүм биринчи жолу келдим", - деп бөлүштү музыкант.

Эндрю Дональдс кошумчалагандай, алдыдагы концерттин программасы Enigma тобунун дүйнөлүк башкы хиттеринен жана анын өзүнүн эң мыкты жеке чыгармаларынан турат.
"Мындан сырткары, мен сахнада көп импровизация жасайм. Ошондой эле тарыхта биринчи жолу Enigma менен бирге сахнада жандуу аял вокалы жаңырат, буга чейин биздин концерттерде мындай болгон эмес. Мен бул көз ирмемди чыдамсыздык менен күтүп жатам", - деп баса белгиледи артист.