Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында “Арал” спектаклинин премьерасы болуп өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган спектаклде адамзаттын руханий баалуулуктары, экологиялык көйгөйлөр жана коомдун бүгүнкү күндөгү маселелери чагылдырылган.
Чыгарманын автору эл жазуучусу Султан Раев, ал эми койгон режиссеру Барзу Абдураззоков.
Спектаклди көрүүнү каалагандар үчүн кошумча көрсөтүүлөр 10-11-июнь күндөрү саат 18:30да өтөт.