Кыргызстан менен Монголия кино тармагында кызматташтыкты бекемдейт

Маданият Загрузка... 10 Июнь 2026 09:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кинематография департаменти менен Монголиянын Улуттук кино кеңешинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, документ эки өлкөнүн кино тармагындагы узак мөөнөттүү кызматташтыгын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы чыгармачылык демилгелерди жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.

Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал жана Монголиянын Улуттук кино кеңешинин эл аралык байланыштар жана кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Оргилмаа Бат-Эрдэнэ менен жолугушууда эки өлкөнүн кино тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланып, биргелешкен кино долбоорлорун ишке ашыруу, кинематографисттердин эл аралык кинофестивалдарга катышуусун арттыруу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алышуу болду.