Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында Монгол кино жумалыгынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кино жумалыгынын алкагында көрүүчүлөргө эл аралык кинофестивалдарда жогорку баага татыган монгол режиссёрлорунун тасмалары сунушталууда. Алардын катарында төмөнкү тасмалар бар:
- "Горизонт" (Horizon) – режиссёр Батделгер Бямбасурен. Кино жумалыгынын ачылыш тасмасы;
- "Жымжырт шаардын айдоочусу" (Silent City Driver) – режиссёр Сэнгэдорж Жанчивдорж. Тасма мыкты режиссура жана мыкты эркек ролу үчүн бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон;
- "Салкын жел" (City of Wind) – режиссёр Лхагвадулам Пурев-Очир. Жаш шамандын турмушу тууралуу баяндаган драма. Аталган тасма Венеция кинофестивалынын "Горизонттор" программасына катышып, Монголиянын атынан "Оскар" сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.
Монгол кино күндөрү 9-12-июнь күндөрү өтөт. Кино көрсөтүүлөргө кирүү бардык каалоочулар үчүн ачык. Дареги "Ала-Тоо" кинотеатры, Чоң зал.