Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бишкекте КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерт КМШ өлкөлөрүнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган форумдун алкагында уюштурулду.
Кечеде КМШ мамлекеттеринен келген таланттуу жаш музыканттар дүйнөлүк жана классикалык музыкалык чыгармаларды аткарып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги өнөр тартуулашты. Оркестрдин аткаруусундагы чыгармалар көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, узакка созулган кол чабуулар менен коштолду.
"Жаштар симфониялык оркестринин концерти мамлекеттер аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого, жаш таланттарды колдоого жана элдердин ортосундагы достук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду. Бул КМШ өлкөлөрүнүн жаш музыканттарынын чыгармачылык дараметин көрсөтүп, маданий алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн өзгөчө музыкалык кечеге айланды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, концертке маданият министри Мирбек Мамбеталиев, коомдук ишмер Роза Айтматова, форумдун катышуучулары, маданият өкүлдөрү жана борбор калаанын тургундары катышты.