Эртеңден тарта Жидда – Ош каттамы жумасына үч жолу учат – элчи

Коом Загрузка... 03 Март 2026 16:10
1562430700.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Эртең, 4-марттан тарта Сауд Арабиясынан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдар жумасына үч жолу аткарыла баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Ал белгилегендей, президенттин жана Тышкы иштер министрлигинин тапшырмаларына ылайык, элчилик Сауд Аравиясынын "Flynas" авиакомпаниясы менен ырааттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Бул аракеттердин натыйжасында, 4-марттан баштап Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайрадан жандана турганын билдирем. Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ишке ашырылат. Бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган жарандар кетет. Андан кийин кетүүгө өтө муктаж болгондорду кетирүүгө аракет кылабыз", — деди элчи.

Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, Ирандын аба мейкиндиги жабык болгондуктан, учактар Түркия аркылуу учат жана жолдон кошумча токтоо (дозаправка) жасай албайт. Жолдун узактыгына жана күйүүчү майдын чыгымынын көптүгүнө байланыштуу, бир каттамда жүздөн ашуун гана жүргүнчүнү алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Ошону менен бирге, Жидда — Бишкек багыты боюнча да каттамдарды калыбына келтирүү маселеси талкууланууда. Ал багыт боюнча да жакынкы күндөрдө жумасына 3 жолу уча баштоо пландалууда.

"Биз ар бир жараныбыздын ыңгайлуулугу жана мекенибизге аман-эсен кайтып баруусу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деп кошумчалады Улукбек Марипов.