Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.
Конституциялык мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык мыйзамдын максаты Эсептөө палатасынын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат.
Өзгөчө белгилей кетсек, конституциялык мыйзам менен “КР Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– Эсептөө палатасы тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү максатында мамлекеттик санариптик технологиялык системаларга жеткиликтүүлүктү алууга укуктуу экендиги тууралуу ченем менен толукталат;
– тышкы мамлекеттик аудит төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылары тууралуу ченем менен толукталат:
1) санариптик (онлайн) аудит;
2) көчмө аудит;
– ошондой эле төмөнкүдөй ченемдер көрсөтүлгөн:
1) Эсептөө палатасы талаш-тартыш маселелерди аудит жөнүндө отчетто белгилейт;
2) аудит субъектинин каршы пикирлерин кароодо Эсептөө палатасынын кеңешинин жыйналышы министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу президенттин администрациясынын үч өкүлүнүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү – эки депутаттын катышуусу менен өткөрүлөт.