Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарышы мүмкүн

Жогорку Кеңеш Загрузка... 09 Март 2026 15:15
kyrgyzstan-schetnaya-palata.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. Бүгүн Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында президент демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун тааныштырган Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов белгилегендей, анын максаты — Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү.

Муну менен катар Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын тогуздан үчкө чейин кыскартуу сунушталууда.

Комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, баяндамачы аудит жүргүзүү функциясын негизинен Эсептөө палатасынын инспекторлору аткарарын, ал эми аудиторлор жетектөөчү милдеттерди гана аркалай турганын маалымдады.