Эттин баасы көзөмөлдө: Бишкектеги базарларда рейд өттү

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 11:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Бишкектеги базарларда эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда бааларды негизсиз көтөрбөө жана калкты сапаттуу, арзан эт менен камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Ленин районунун аймагында этти социалдык баада саткан соода түйүндөрүнүн иши талдоого алынды.

Ал эми “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан этти жеңилдетилген баада сатуу үчүн бөлүнгөн жер тилкелери жана көчмө соода түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн сунушталган даректер жеринен каралды.