Эверестте эки жуманын ичинде үч киши каза тапты

Дүйнө Загрузка... 13 Май 2026 10:25
WhatsApp Image 2026-05-13 at 10.42.57.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Эверестте эки жуманын ичинде үч киши каза тапты. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Непалдагы альпинизм сезону башталгандан бери Гималай тоолорунда каза болгондордун саны Эвересттеги дагы бир өлүмгө алып келген окуядан кийин бешке жетти.

Непалдык шерпа гиди Эверестте чокуга чыгуучу жолдун бир бөлүгүндөгү муз жаракасына кулап түшүп каза болду. Бул окуя акыркы эки жуманын ичиндеги тоодогу үчүнчү өлүм экени айтылды.

Непалдын туризм органдарынын маалыматы боюнча, кырсык болжол менен 7200 метр бийиктикте болгон. Аба ырайынын катаал шарттарына жана жолдун ачылышынын кечеңдешине карабастан, альпинизм сезону уланууда.

Өлүмдөр буга чейин аймакта чет элдик жана жергиликтүү альпинисттер каза болгон Макалу сыяктуу башка чокуларда катталган.