Фермерден түз кардарга: Эт кластерлери эттин баасын арзандатабы?

Коом Загрузка... 25 Март 2026 12:45
335dbfcf-8bbd-40a8-8568-bee8abffeab3_jpg_850x445_q82_crop.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө өлкөдөгү эттин баасы жана эт кластерлерин түзүү тууралуу маалымат берди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын рыногу үчүн эттин баасы кыйла жогору. Ошол эле учурда коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда баалар 1400 сомго чейин жетет. Бул айырмачылык ортомчулардын пайда көрүүсүнө шарт түзүп жатат.

"Этти экспорттоого киргизилген чектөөлөр фермерлердин ишине тоскоолдук кылбайт. Анткени малды же этти фермерлер өздөрү экспорттобойт, бул иш менен ортодогу "оюнчулар" алектенет. Россиядан жана Өзбекстандан келген ишкерлер биздин фермерлерден малды сатып алып кетүүгө аракет кылышат. Акыркы төрт айдын статистикасы боюнча, жалпысынан 53 миң баш бодо мал жана кой экспорттолгон. Аны коңшу өлкөлөргө алып барып, 1200–1400 сомдон сатышат. Бул жерден фермер эмес, ошол сырттан келген ортомчу ишкерлер гана пайда көрүп жатышат", — деди министр.

Эрлист Акунбеков белгилегендей, буга чейин этти арзандатуу максатында мамлекет тарабынан мал сатып алынып, арзан баада сатуу аракеттери болгон. Бирок, сатып алуучулар ал этти кайра эле кардарларга кымбат баада сатышкан.

"Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик эт кластерлерин түзүү демилгесин баштады. Негизги максат — этти фермерден кардарга түз жеткирүү. Учурда бул багытка 1,5 млрд сом бөлүнүп, 10 кластер түзүлүүдө. Система "фермер — мал союучу жай — соода түйүнү — кардар" деген чынжыр менен иштейт. Бул система ишке киргенде фермер өз мээнетине жараша жакшы пайда табат. Ал эми керектөөчү биринчиден таза, ветеринардык текшерүүдөн өткөн, экинчиден кошумча ортомчусуз, арзан баада эт алууга мүмкүнчүлүк алат", — деди министр.